Нандын баасына мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилет
- 11 месяцев мурун
Кыргызстанда биринчи сорттогу ундан жасалган нан азыктарына (бөлкө, тандыр нан) бааларга уу мамлекеттик убактылуу жөнгө салууну киргизүү жөнүндө 3-октябрда буйрук чыкты.
Бул тууралуу 4-октябрда экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Мындай чечим социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк, анын ичинде нан жана нан азыктарына баалардын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү