Надира Нарматовага «Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси ыйгарылды  

  • 5 месяцев мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси ыйгарылды.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги сайтында маалымдады.

Ал Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракесине карата билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы жана көрсөткөн колдоосу үчүн бергендигин билдирет.

Депутат Надира Нарматова 25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун акыры алып чыкты.

“Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу” мыйзамды президенттик администрация 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну “мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо” зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Долбоордо Кыргызстанда “чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар” түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт.

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты