Мыйзамсыз токтотулган 100дөн ашык унаа айып короосуна жеткирилди
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 4-мартта, Бишкек шаарында жол кыймылынын эрежелерин бузган жана унаа токтотуучу жайга акы төлөбөгөн унааларга карата рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Рейд борбор шаардын төрт район районунда өттү. Анын алкагында мыйзамсыз токтотулган 100дөн ашык унаа эвакуацияланып, айып короо жайына жеткирилди.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




