Мыйзамсыз радикалдык диний топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
- 3 недели мурун
- Видео
Тергөөнүн жүрүшүндө топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтуу менен алектенип, өз чөйрөлөрүндө үгүт иштерин жүргүзүп, зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркатып, ошондой эле башка агымдар жана дин өкүлдөрүнө каршы үгүттөгөндүгү аныкталган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 11-июнунда соттун санкциясы менен Бишкек шаарындагы он даректе тинтүү жана башка атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10дон ашуун адам КР УКМКга жеткирилген.
Анда диний адабияттар, экстремисттик символика, ок атуучу граната, ар кандай маркировкалары бар 3 патрон, жылмакай мылтык жана башка куралдар, акча каражаттары, бычак, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио жана видеоматериалдар алынды.
Санариптик маалымат каражаттарына жүргүзүлгөн талдоо, ошондой эле соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу куралдуу жихадды жана террористтик ишти жүргүзүүгө чакырыктарды кошкондо радикалдуу экстремисттик маалыматтын белгилери бар видеожазуулардын жана аудиоматериалдардын, тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигинде колдонулган материалдардын бар экендигин тастыктады.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында чет мамлекеттин жараны У.Д.А. жана Кыргыз Республикасынын жараны Л.Д.В. кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.
УКМКга жеткирилген башка кишилер зарыл болгон тергөө жана алдын алуу иштер жүргүзүлгөндөн кийин бошотулду.
Учурда бардык тиешеси барларды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы