Мыйзам долбооруна добуш берүүдө депутаттар кайым айтышты

Бүгүн, 29-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйында бир катар мыйзам долбооруна добуш берүүдө депутаттар кайым айтыша кетти.

Депутат Адахан Мадумаров добуш берүү тартибине сын айтып, кандай мыйзам долбоору, кандай өзгөрүүлөр кирип жатканын депутаттар билбей жатканын белгиледи:

-Азыр жок дегенде эмне болгон мыйзамга  добуш берип жатабыз, эмне өзгөртүүлөр кирип жатат, демилгечи тарабынан ким айтып берет? Жок дегенде комитеттин корутундусун окутуп койбойсуңарбы, «момундай мыйзамга ушундай өзгөртүүлөр кирип жатат» деп. Депутаттардын баары бири-бирибизден кайсы мыйзамга, эмнеге добуш берип жатабыз деп сурап жатабыз. «Айтып койчу эми» деп эле кетип баратат. Мыйзам кабыл алууну оюнчукка айлантып алдык. Ал мыйзамдардын артында миңдеген, миллиондогон адамдардын тагдыры жатат. Бул мыйзамдын талкууланганына канча убакыт өттү, кимдин эсинде эмне калды,-деди Адахан Мадумаров.

Буга төрага Талант Мамытов жооп берди:

-Адахан Кимсанбаевич, сиз тажрыйбалуу депутатсыз, Мыйзам долбоорун кабыл алуу принцибин билесиз. Комитетте буга чейин каралган. Талкуу болгон. Буга чейин коомдук талкууда турган. Биринчи окууда кабыл алынып жатат. Комитеттин чечими буга чейин айтылган, -деди төрага Мамытов.

Андан кийин депутат Медер Алиев дагы Мадумаровго жооп берди:

-Өткөндө социалдык түйүндөрдү карап атсам, бир активдүү колдонуучу жазыптыр “негизи циркке барсаң, акча төлөп киресиң, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына да элге шоу коюп жатканына акча төлөш керек” деп. Мен юрист болгонума байланыштуу жакшы түшүнөм, Адахан Кимсанбаевич, өзүңүз билип туруп, эмнеге шоу кылып жатасыз?  Регламентте ушундай норма, буга чейин комитетте каралат, талкууланат, бул залга келет, өтөт. Чынында ушул регламент туура эмес болуп калган, кайсы мыйзамга добуш берип жатканыңды билбей каласың. Адахан Кимсанбаевич, ушуну билип туруп, элге жагынайын деп биерде бардыгы акылсыздар отурат, жалгыз “сабаттуу болгону” өкүндүрбөй койбойт, -деди депутат Алиев. -Жаңы регламентке мыйзамдар талкуу болгондон кийин, добуш берилсин деп киргиздик.  Жаңы регламентте ушул норма кирди.

Андан кийин  төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев аталган мыйзам талкууланып жатканда Адахан Мадумаров жыйында жок болгонун айтты.

-Бул жакка  чыгып эле ар кайсыны айта берсе, ушунун сөзү туура боло береби?-деди Сыдыгалиев. -Бул жерде 1-класстын окуучулары отурган жок.  Баары билет, кайсы мыйзамга добуш берип жатканын. Токтотпойсузбу? Кимсиз, ошол мыйзамды айтып бергидей, -деди төраганын орун басары Сыдыгалиев.

Андан кийин депутат Исхак Масалиев чыкты.

-Кесиптештер ачууга берилбейли. Суроо берилгенден кийин төрага жетишерлик жооп берди. Андан ары бири-бирибизден өчүбүздү чыгарбайлы. Эки күн калды, чыдайлы. Экинчиден, бир маселе бүтмөйүнчө, экинчиге өтпөшүбүз керек болчу. Эки ай болсо деле, балким, кошумча кошулуп кетиши мүмкүн, -деди депутат Масалиев.  -Бири-бирибизди аяйлы, Мадумаровдун же башкалардын жеке иши каралып жаткан жок.  Ар бир депутат пикирин айтышы мүмкүн.

Дастан Бекешев өткөн бейшембиде жыйында 15 эле депутат отурганын белгиледи.

Депутат Кундузбек Сулайманов эгер депутат  добуш бербесе, мыйзамды иштетиш керек экенин айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты