Мыйзам долбоору кабыл алынды. Өзбекстанга  ID-карта менен кирүүгө мүмкүн болот  

  • 12 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин жыйынында 3-апрелде жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндөгү Кыргызстан Өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо маселеси каралды жана үч окууда кабыл алынды.

Андагы жыйында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев белгилегендей, протоколду ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Бул эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картаны документ катары пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты