Мушкер Хабиб Нурмагемодов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 8-августта жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу EFC 49 турниринин уюштуруучулары билдиришти.

Аларды аталган турнирдин  уюштуруу комитетинин өкүлдөрү «Манас» эл аралык аэропортунан  тосуп алышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга Eagle футбол клубунун президенти Шамиль Завуров,  “Хасбик” каймана аты менен таанымал россиялык белгилүү блогер Хасбулла Магомедов жана анын командасынын башка өкүлдөрү менен бирге келген.

Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарында 10-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 49) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот.

Спорттук иш-чара 14 беттешти камтыйт, алардын эң башкысы Бусурманкул Абдибаит уулу (Кыргызстан) менен Руслан Магомедовдун (Россия) беттеши болуп саналат.

Турнир саат 18:00 дө башталат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты