Мурда пайдаланылган катализаторду ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды

  • 2 года мурун

Мурда пайдаланылган катализаторду, катализатордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айга чейин тыюу салынды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.  

Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык кабыл алынды. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты