“Мурас” комплексиндеги ипотекалык үйдүн ачкычтары тапшырылды
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-январда, Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинин курулушунун экинчи этабынын алкагында ипотекалык үйдүн 1080 батир ээлерине ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.
-Эсиңиздерде болсо «Мурас» турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган 4754 батир куруу пландалган. Бул комплексте 2024-жылы 510 батир, 2025-жылы 476 батир курулуп, ээлерине тапшырылган. Учурда курулушу жигердүү жүрүп жаткан 2688 батир мөөнөтүндө өз ээлерине өткөрүлүп берилет. Комплексте бала-бакча, мектеп жана унаа токтотуучу жайлар орун алып, заманбап жашоого керектүү бардык социалдык объектилер менен камсыздалган,-деди президент.
Садыр Жапаровдун айтымында, 10 млн сомдук уставдык капитал менен 10 жыл мурда ачылган Мамлекеттик ипотекалык компания учурда уставдык капиталын 87 млрд сомго жеткирип, келечекте 200 млрд сомго чыгарабыз деген аракетин көрүп жатат. Бул мекеме 2025-жылы 4 662 үй-бүлөнү турак жайлуу кылып, 2024-жылга караганда 4 эсеге көп батир бере алышты.
Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн тартып, жалпы 14 945 үй-бүлө турак жайлуу болду.
Компания батирлерди турак жай программасынын кезегинде турган жарандарга алдын ала төлөмү жок 25 жылга 4 жана 8 пайыз менен берип жатканы айтылды.
-Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин. Мисалы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чарчы метрин 700 доллардан “под ключ” бересиңер деп биз жеке компанияларга тапшырма берип, салдырып, анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет. Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат. Анткени, муну туура түшүнүшүңүздөр керек, МИК батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин, бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппайт. Керек болсо 50 пайызын дагы жаппайт. Биз ошого карабастан, элге жеңилдик болсун деп берип жатабыз. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллардан алат элеңер, -деди Садыр Жапаров.
-Кудай буюрса, алдыда ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, өлкөнүн турак жай фондун дагы кеңейтүүнү максат кылууда. Буга чейин биз Мамлекеттик ипотекалык компанияга каражаттарды мамлекеттик бюджеттен бөлүп берип келе жатабыз. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча жана үстүнө 250-300 доллардан кошуп бергендин пайдасы менен капиталы 87 млрд сомго чыкты.
Быйыл дагы МИКке мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу 500 млн доллардын тегерегинде беребиз. Эмдиги жылдан баштап МИКке бюджеттен каражат бербейбиз. Өзүнүн 200 млрд сомго чыгарып алган капиталы менен 5-10 жыл эмес, 50-100 жыл бою элди – жаңы үйлөнгөн үй-бүлөдөн баштап, үйгө муктаж карыларга чейин турак үй менен камсыз кылууну ушул мамлекеттик ишкана алып барат. Бул жүз пайыз мамлекеттики, бир тыйын үстүнө кошулса дагы ал мамлекеттин чөнтөгүнө, Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшүп жатат деп билгиле. Ипотекалык компания бай болсо, кайсы убакта кааласаңар дагы үй менен камсыз кылат, -деп билдирди президент.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




