“Мурас” футбол мелдеши: Мыкты чабуулчу президент Жапаров болду
- 1 год мурун
Кечээ, 1-июнда, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 31-майда жана 1-июнда өткөн «Мурас» футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Мелдештин жыйынтыгында «Ден соолук» командасы биринчи орунду ээлеп, 400 миң сом байгеге ээ болду.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Экинчи орунга «Ыйман» командасы чыгып, 300 миң сом алды. Турнирде 3-орунду «Президенттин командасы» ээлеп, 200 миң сом байгеге ээ болду.
«Коопсуздук» командасы 4-орунду ээлеп, 100 миң сомдук сертификат алды.
Үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары да аныкталып, алар 50 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту:«
«Мыкты чабуулчу» — 7 гол киргизген президент Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы акчалай сыйлыкты «Ыйман» командасына берди.
«Мыкты дарбазачы» — Султан Осмонбеков («Ыйман» командасы).
«Мелдештин мыкты оюнчусу» — Нурлан Турусбеков («Ден соолук» командасы).
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор жана медалдар ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземинин соңунда эстеликке сүрөткө түшүштү.
Сүрөттөр president.kg




