«Мунапыс жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

  • 3 месяца мурун

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган.

Аталган мыйзамда Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Кабыл алынган мыйзам “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты