Мугалимдер күнү: Президенттин куттуктоосу  

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди, билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Өлкөбүздүн билим берүү системасынын өзөгүндө кайталангыс улуттук баалуулуктардын сакталышына маани беришибиз кажет. Ошол эле маалда дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жаңычыл ыкмалар менен жогорку технологияларды колдонууга ачык болушу зарыл.

Демилгелүү, чыгармачыл, жаңы жетишкендиктерди өздөштүрө билген муундун өсүп келатканын эске алуу менен бүгүнкү күндө мугалимдерибиз болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн, заман талап кылып жаткан технологиялык жетишкендиктерден ар дайым кабардар болуп, өзүн-өзү дайыма өркүндөтүп-өстүрүп турушу керек.

Мына ушундай шартта мойнубузда чоң жоопкерчилик турат. Элибизди ар тараптан агартууда жаштардын мыкты кесиптин ээси болуп чыгуусуна пайдубал түптөө, анын натыйжасында мамлекетибизди өнүктүрүү дал ушул ардактуу мугалимдердин талыкпаган эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу.

Урматтуу улуу кесипти аркалаган агай-эжейлер, мээнеттүү ишиңиздердин акыбети кайтсын, албан-албан ийгиликтер, кубанычтуу жетишкендиктер коштосун”.

Биз сиздер менен бирге келечегибиз болгон жаштарга таалим-тарбия, билим берүүдөгү бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңээрибизге бекем ишенем.

Тыным албай изденип, кесипкөйлүктү арттырууга умтула бериңиздер!

Сиздерге чың ден соолук, чыгармачыл ийгилик, жаратмандык каалайм!».

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты