Москвага жакын Сергиев-Посад шаарындагы заводдогу жарылууда 40тан ашык киши жабыркады

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы оптика-механика заводунда 9-августта эртең менен катуу жардыруу орун алды.

Бул тууралуу BBC орус кызматы билдирди.

Завод аскер багытындагы жогору технологиялык продукция чыгарат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсык пиротехниканын жарылуусунан болгон.

Учурда жабыркагандардын саны 45 киши, 6 киши реанимацияда жатат.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьевдун айткандары боюнча, дагы беш киши уранды алдында жатышы ыктымал.    

Заводдун бардык имараттары менен цехтеринде эвакуция жарыяланды.

Келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты