Москвадан Кыргызстанга үч бала кайтарылды

  • 2 месяца мурун

Россиядан Кыргызстанга үч бала кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Балдарды кайтаруу Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин жана Россиядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырылган.

Мындан ары министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү иштерин жүргүзөрүн да кошумчалады. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала Кыргызстанга кайтарылган. Анын ичинде 2022-жылы-8 бала, 2023-жылы-12, 2024-жылы-21 бала.

Сүрөт: Эмгек министрлиги тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты