Москвада медсправка алуу үчүн мигранттардын узун кезеги пайда болду

  • 2 года мурун

Москва шаарында медициналык справка алуу үчүн мигранттардын узун кезеги пайда болду.

Бул тууралуу Фейсбук баракчасында Нурайым Идирисова билдирди.
Кезекте 6 миңдей адам турганы айтылды.

Быйыл 15-июнда Орусиянын Президенти Владимир Путин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылган.

Орусия ИИМи жумуш берүүчүлөр менен мигранттардын реестрин түзүүнү жана салык режимдерин оптимизация кылууну сунуштаган.

2022-жылы өлкөгө кирген бардык чет элдик жарандарга милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүү киргизилген. Чет элдиктер ар бир үч айда медициналык текшерүүдөн өтүп турушу керек.

Орусия ИИМинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө Өзбекстандын 332 миңден ашык, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты