Москвада ишкер Николай Коробовский кармалганы айтылды

  • 2 недели мурун

Москвада Кыргызстанда ишкерлик кылган Николай Коробовский өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалганын орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Маалыматтарга караганда, Николай Коробовский жана анын бизнес өнөктөшү Яровой 2021-2023-жылдары  “Горный ключ” аттуу жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) түзгөн. Мында Коробовскийдин үлүшү 67 %, Яровойдуку 33% болгон. Иши жүрүшө баштагандан кийин, Коробовский өнөктөшүн бизнестеги үлүшүнөн чыгарууну максат кылганы айтылат. Шериктешин компаниядагы 4,75% үлүшүн сатууга көндүрөт. Иш жүзүндө эч кандай акча түшпөй, Яровойдун бизнестеги үлүшү дээрлик жокко чыгып, келишим жасалма болуп чыккан. Ал эми аталган ЖЧКда Коробовскийдин бир тууганы Ольга директор болгондугу айтылат.

Николай Коробовскийдин теги казакстандык, 2022-жылы Кыргызстандын жарандыгын алгандыгы айтылууда. Орусиянын ЖМКсында Николай Коробовскийдин жубайы Анар Казакстандан Европага көмүр сатарын жазган.

Николай Коробовский Баткендеги Бел-Алма көмүр кенине ээлик кылат. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы футболду илгерилетүү боюнча  “Барселона” академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.    

Сүрөттө: Николай Коробовский. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты