Москва шаарында КМШ экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына жумушчу сапары менен барды.

Жумушчу сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун күн тартибинде 60тан ашуун маселе белгиленген, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн продукциянын коопсуздугу, климаттык күн тартибине ылайык ЕАЭБ «Жол картасы», ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары, 2021-жылы ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүүнүн жүрүшү тууралуу жана башка маселелер каралмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты