Москва шаарында Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына расмий сапар менен келди.
Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
МинКаб төрагасы расмий сапарынын алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Ошондой эле, эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.
Расмий делегациянын курамында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.
Сүрөттөр: gov.kg
Муну бөлүшүү