Москва районунда гемодиализ аппаратын алып салып, башка жакка барууга мажбурлашууда. Депутат кайрылды   

  • 2 месяца мурун

Бүгүнтөн баштап Москва районундагы гемодиализди алып салып, башка районго барууну саламаттык сактоо министрлиги сунуштап жатат. Ушуга байланыштуу аталган райондун Александровка айылынан кайрылып жатышат. 50 киши кыйналып жатат.   

Депутат Дастан Бекешев бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды

Депутат бул маселени карап чыгып, кыйналып жаткан адамдардын өтүнүчүн аткарып коюуну өтүндү.   

Андан кийин депутат Балбак Түлөбаев да Балыкчыда гемодиализ борбору жабылып, андан дарыланып жаткан Тоң, Кочкор райондорунан 30 чакты бейтап да кыйналып жатканын айтты.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев гемодиализ борборлору козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратура тарабынан жабылганын жана  тергөө 90 күнгө созуларын билдирди.

Гемодиализ бул бөйрөк дарттарына кабылган адамдардын канын химиялык заттардан жана суюктуктардан тазалоочу зарыл процедура. Андай процедура жумасына 3-4 жолу 4-5 сааттан жүргүзүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты