Москва облусунда кампадан өрт чыкты. Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок  

  • 2 года мурун

3-августта Москва облусунун Истринский районундагы Петровское айылында жайгашкан «Озон» маркетплейсинин кампасынан өрт чыккандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги маалымат берди.

Билдирүүдө айтылгандай, Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча ыкчам штабынын маалыматы боюнча, 20 миң чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланды. Жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты