Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
- 1 год мурун
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.
Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалган.
Сүрөттө: Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух. Интернет булактарынан




