Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачыла турганын билдирди.

Кулубаевдин айтымында, элчиликти ачуу маселеси 2023-жылдын каржы планына киргизилген. Азыркы учурда бул мамлекеттеги иштерди Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги алып барат.

Быйыл Монголия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду.

Кыргызстандын элчилиги дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө бар. Андан сырткары консулдук жана визалык пункттар иштеп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты