Монгол романстарынын кечеси өтөт  

  • 1 год мурун

4-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера-балет театрында Монголиянын эмгек сиңирген артисти, эл аралык вокалисттердин конкурстарынын лауреаты Уянги Уншихбаярдын аткаруусундагы монгол романстарынын кечеси болот.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Популярдуу монгол чыгармаларынын кайталангыс обондоруна жана Уянги Уншихбаярдын мукам үнүнө күбө болуңуз. Башталышы саат 18 де.

Билетти театрдын кассасынан жана Ticket.kg сайтынан сатып алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты