Молдовановкадагы түзөтүү мекемесиндеги жоокердин өлүмү боюнча аскер прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүүдө
- 1 жыл мурун
Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районундагы №27 түзөтүү мекемесинин кароол бөлүмүндөгү жоокердин өлүмү боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Бул тууралуу жаза аткаруу кызматы билдирди.
29-июлда эртең менен кисаат 08:30дар чамасында Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кароол бөлүгүнө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон.
Ал эми жоокердин жакындары ал өзүн-өзү атып алды дегенге ишенишпей турганын ЖМКга билдирди.
Сүрөт: Жаза аткаруу кызматы.
Муну бөлүшүү