Молдовада президенттик шайлоо өттү
- 2 года мурун
Кечээ, 3-ноябрда, Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Анда 94% протоколду иштеп чыккандан кийин, Майя Санду алдыда келе жатканы белгилүү болду.
Сандунун жеңишин анын кеңсесинде белгилей башташты.
Ал эми протоколддун 98,6%ын иштеп чыккандан кийин, анын жеңиши айкын боло баштады. Майя Санду үчүн шайлоочулардын 55%ы добуш берген. Анын атаандашы мурдагы прокурор Александр Стояногло 45%дан ашыгыраак добуш алган.
Президенттик шайлоодогу ат салышка азыркы президент Майя Санду жана социалисттер партиясынан, мурдагы прокурор Александр Стояногло катышкан.
Сүрөттө: Майя Санду. Reuters
Муну бөлүшүү




