Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган айтыш сынагы улантылат  

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн 31-августта, Ош шаарында алгачкы агартуучу, жазма акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI Эл аралык “Айтыш-2023” сынагы улантылат.  

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Молдо Нияз өз заманынын билимдүү адамы болгон, араб, фарсы, чагатай тилдеринде сүйлөй билген, медреседен билим алган.

Айтышка 16 акын катышууда. Алар Казактан, Өзбекстан жана Монголиядан келишкен, кыргызстандык өнөрпоздор да катышууда. Кечээ айтыш Ош шаарында Султан Ибраимов атындагы драма театрында башталган. Анын финалдык бөлүгү бүгүн өтөт жана жеңүүчүлөр аныкталат.

Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган айтыш сынагы улантылат  
Сүрөттөр: Маданият министрлиги.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты