Мирзиёев Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

  • 2 года мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, жооптуу ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубаттуулук жана өнүгүү каалады.

«Жалпы баалуулуктарга жана жалпы салттарга, көп кылымдык боордоштук мамилелерге жана жакшы коңшулук принциптерине негизделген достук мамилелерибиз акыркы жылдары бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча жигердүү өнүгүп жатканына абдан кубанычтабыз.

Сиздин жетекчилигиңиз астында 2021-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн бир катар саясий жана парламенттик реформалар өлкөңүздүн өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү практикалык кадамдар болуп калганын белгилегим келет.

Үстүбүздөгү жылдын мартында Өзбекстанга мамлекеттик сапарыңыздын алкагында сиз менен болгон сүйлөшүүлөр эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыкты деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты