Мирзиёев: Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин (ТМКК) саммитинин алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкууланган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Жапаровдун Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырганы айтылат.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусун, анын ичинде соода-экономикалык багытты өнүктүрүүдө чоң дараметке ээ экендигин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

Мындан тышкары ал Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз кылып, каржылык уюмдун ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кызыкдар экендигин билдирген.

Ошондой эле Мирзиёев жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын ишке ашуусунун жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты