Минскиде ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

  • 11 месяцев мурун

Эртең, 20-июнда, Минск шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер министрликтеринин башчылары эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалы жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле ЖККУ менен эл аралык уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар боюнча пикир алмашууну пландаштырууда.

Ошондой эле Беларуста өткөрүлө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүүнүн жүрүшү каралат

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты