Минск шаарында кыргызстандык жоокерлерди эскеришти
- 7 месяцев мурун
Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинин алдында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусту бошотуу үчүн салгылашкан кыргызстандык жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми өттү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Митингди Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы уюштурган. Иш-чарага Беларусь Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, КМШнын Аткаруу комитетинин жана ЕАЭБ Сотунун өкүлдөрү, Минск шаарында жашаган кыргызстандыктар, Октябрь районунун коомдук уюмдарынын, ишканаларынын жана жаштар кыймылынын өкүлдөрү катышты.
Элчи Эрбол Султанбаев Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө кыргызстандык жоокерлердин кошкон салымын белгилеп, согуштун оор жылдарын жана жалпы Жеңишти эстеп калганы үчүн бардык белорус элине ыраазычылык билдирди.
Октябрь районунун чыгармачылык топтору ардагерлер тууралуу ыр окуп, согуш жылдарындагы ырларды аткарышты. Митингдин соңунда катышуучулар Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл коюшту.




Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы




