МинКаб төрагасы Жапаров Абу-Даби шаарына барды
- 1 год мурун
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына барды.
Жумуш сапарынын алкагында МинКаб төрагасы Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.
Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен Абу-Дабиге барды.
Cүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.