МинКаб төрагасы кеңешме учурунда акимге: «Сиз эмне, тойго келдиңизби?»    

  • 2 месяца мурун

 Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 23-апрелде, кеңешмеде бир катар ишканалардын өз убагында ишке киришине тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды.

Касымалиев ишкерликтин бардык түрүнө жана көлөмүнө карабай шарт түзүп берүүнү тапшырды. Жыйын учурунда онлайн катышкан Талас облусунун Айтматов районунун акими Нурланбек Умаровду зекиди.

«Айтматовдун акими, сиз, эмне, тойго келдиңизби? Ылжыңдап күлүп отурасыз. Экономиканы дагы 9-10% кармаш үчүн бизге абдан көп инвестиция керек. Аким, айыл өкмөт башчылары ал силерге дагы керек, салык түшөт, жумуш орундары түзүлөт» деди Касымалиев.

Ушул жылы ишке киргизүү пландаштырылган 113 өнөр жай объектисин ишке киргизүү боюнча бир катар ишканалардын өз убагында ишке киришине тоскоол болгон көйгөйлүү маселелер кеңири талкууланды. Атап айтканда, жер тилкелерин трансформациялоодогу кечигүүлөр, инженердик инфраструктураны (электр энергиясы, суу каналдары) тартуудагы кыйынчылыктар жана уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар тууралуу сөз болду.

«Инвесторго жардам жана аны коштоо бардык этаптарда системалуу болушу керек — айыл өкмөтүнүн башчысынан баштап, Министрлер Кабинетине чейин жана бул 113 объектке гана тиешелүү эмес. Кыргызстанга капитал салгысы келген ар бир инвестор мамлекеттин реалдуу колдоосун сезиши керек. Жер-жерлерде «бири бирине оодармай» болбошу керек жана мөөнөттөр создуктурулбашы керек. Эгерде инвестордун көйгөйү болсо, бул сиздин жеке көйгөйүңүз, аны сиз чечүүгө милдеттүүсүз»  деп билдирди Министрлер кабинетинин башчысы.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты