МинКаб суу баасын коюуга жаңы эреже киргизүүдө. Ичүүчү суу кымбаттайбы?
- 4 месяца мурун
Министрлер кабинети ичүүчү суунун тарифтерин белгилөөнүн жаңы эрежелерин даярдап жаткандыгы айтылууда. Эгер ал эрежелер кабыл алына турган болсо, суунун баасы өзгөрүлөрү күтүлүүдө.
“Бишкек суу канал” ишканасы шаардыктар суунун баасына нааразы болуп жаткандыгын белгилеп, суунун коротулушун эсептегич коюуну сунуштады.
Шаардыктар суу эсептегичти көбүрөөк койдуруп жаткандыгы белгиленди. 2024-жылы Бишкек шаарында 78 913 суунун коротулушун эсептегич болсо, көп кабаттуу үйлөрдө 82097 эсептегич коюлган. Ал эми жеке сектордо 2024-жылдын башында 2839 суу эсептегич орнотулган. Азыркы күндө жеке сектордо 5929 суунун коротулушун эсептегич шайман бар.
Суу эсептегич боюнча, коротулган гана суу үчүн акы алынат. Бишкекте эгер суу эсептегич болсо, 1000 литр (бир тонна) сууга 10 сом 45 тыйын төлөнөт. Ал эми суу эсептегичи жоктор, бир кишиге 111 сом төлөйт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




