МинКаб Бакиевдер менен байланыштуу компанияга электр энергияны өтө арзан берет   

  • 10 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин токтому менен “МБТ-Строй” жеке компаниясына Камбар-Ата-2 подстанциясы берилет. Бул компания конкурсу жок эле тандалып алынган.     

Kloop журналисттери Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик “Электр тармактар” ишканасына Камбар-Ата-2 ГЭСинин инфраструктурасын модернизациялоо жана реконструкциялоо тууралуу эч кимге белгисиз “МБТ-Строй” компаниясы менен келишим түзүүнү сунуштаганын жазып чыкты. Компания бир жыл мурун ачылган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-июнундагы №303 токтомунда айтылат.   

Аталган токтомго ылайык, “МБТ Строй» ГЭСти мамлекеттик түйүндөр менен кошкон энергетика инфраструктурасынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү үчүн акча каражатын салат жана ал үчүн Камбар-Ата ГЭСинин электр энергиясын пайдаланат.

30 мегаватт электр энергияны компания өндүрүштөн чыккан баасы менен колдонот. Бул элге бергендеги баадан беш эсе арзан. Ал эми аталган компания бул электр энергиясын майнинг компанияга жумшай турганы божомолдонууда.

Аталган “МБТ-Строй” компаниясы бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланышы болушу мүмкүндүгүн Kloop жазып чыкты.

Сүрөт: Камбар-Ата -2 ГЭСи-спутниктен. Скриншот Google Earth. Kloop

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты