Министрлик Сокулуктагы балдар бакчасындагы чарчап калган кыздын окуясы боюнча комиссия түзгөнүн билдирди

  • 4 месяца мурун

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык желелерде тарап жаткан 5 жашар кыздын чарчап калгандыгы тууралуу кабар боюнча маалымат берди.  

-Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, бул окуя 2024-жылдын 22-октябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы № 4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында болгон. Бул факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.    
Министрлик окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган. Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет” деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Чүй облусунун Сокулук районундагы “Алтын балалык” балдар бакчасында беш жашар кыз чарчап калган. Анын апасы Инстаграм социалдык тармагында билдиргенине караганда, кайгылуу окуя 22-октябрда болгон.

Маалыматта айтылгандай, балдар бакчасына кеткенде кызынын ден соолугу жакшы болчу. 27-ноябрдагы анализдин жыйынтыгында өлүмдүн себеби кусундуга какап калганынан улам болгону көрсөтүлгөн. Кыздын каракуш мээ жагына анча чоң эмес кан куюлганы белгиленген.

Балдар бакчасынын тарбиячысы кыз уктаганга чейин чыйрыгып, кийимчен эле жатканын жана уктагандан кийин эс-учун жоготкон абалда болгонун, “Тез жардам” чакырышканын айткан.    

Бул иш боюнча Сокулук районунда “шалаакылык” беренесинин белгилери боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты