Министрлик: 12 жылдык билим берүүнү киргизүү этап менен улантылат

  • 2 месяца мурун

Билим берүү жана илим министрлиги, өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, айкындалган тобокелдиктерди азайтуу менен 12 жылдык мектептик билим берүүнү этап менен киргизүүнү улантарын билдирди.

Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаш курактан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт, ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.

“Билим берүүнү трансформациялоону каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каражаттар инфраструктураны модернизациялоого, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лабораториялар менен жабдууга жумшалат. 12 жылдык системага өтүү менен жогорку класстардын окуучулары болочоктогу кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул мектеп окуучуларына багытты тандоого аң-сезимдүү түрдө барууга жана окууга тапшырууда жаңылыштыктарды кетирбөөгө жардам берет.Билим берүүнү трансформациялоонун маанилүү аспекттеринин бири – мектепке кабыл алууда балдардын даярдык деңгээлин теңдештирүү. Бул ар бир бала үчүн бирдей стартты жана бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат” деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жаңы системаны киргизүү үчүн жаңы мектептерди куруу керектиги да айтылды.

“Мектептердеги окуучу орундардын жетишсиздиги көйгөйү да көз жаздымда калган жок. Жаңы системаны киргизүү жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууну камтыйт, бул билим берүү уюмдарына келчү жүктү теңдөөгө мүмкүндүк берет” деди билим берүү министрлиги.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 3-мартта орто мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча Фейсбук баракчасында жеке пикирин билдирип, азырынча 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө умтулуунун кереги жок экенин айтты.  

Андан кийин Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүү боюнча оюн өзгөрткөнүн Фейсбук баракчасы аркылуу айтты:

«Мен буга чейин 12 жылдык билим берүүгө карата өзүмдүн тынчсыздануумду билдиргем. Ошол кайрылуумдун натыйжасында бүгүн бул маселе эксперттер, КР билим берүү министрлигинин жетекчилиги, окумуштуулар жана тиешелүү өкүлдөрдүн жетекчилиги менен мамлекет башчыбыз Садыр Нуркожовичти катышуусунда атайын жыйын өтүп, кеңири пикир алышып, талкуу кылдык. Мамлекет башчысы да бул маселеге көүүл буруп, тынчсыздануусун билдирип, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүү менен ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Башкача айтканда баштапкы ойлонуштурулган шартта эмес, акырындык менен, улам кемчиликтерин жоюп, жетишпегенин толуктап отуруп, ишке ашыруу чечимин кабыл алды, буга макул болсок болот» деди.

Сүрөт: Билим берүү министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты