Бишкектин вице-мэрлери Мозгачева менен Кадыров кызматынан бошотулду
- 1 месяц мурун
Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Рахат Мусаева дайындалды.
Мэрдин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Муратбек Атай дайындалды.
Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин директору кызматына Жаныбек Орозалиев дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Мындан тышкары, Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Жаныкееванын жана Ленин районунун акиминин орун басары Бактыгүл Исмаилованын ишине кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды. Алар кызматтык иликтөө жүргүзүү убактысында кызматынан четтетилди.
Сүрөттө: Виктория Мозгачева жана Азамат Кадыров. Интернет булактарынан




