Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Казакстанга барат
- 3 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эртең, 13-ноябрда, Астана шаарына жумушчу сапары менен барат.
Адылбек Касымалиев жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында чакан жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт.
Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




