Министрлер кабинетинде дары-дармек коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дүйнөдөгү кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов калкты дары-дармек менен камсыздоо улуттук коопсуздук маселесине кирерин белгилеп, дары-дармек жеткирүү үзгүлтүккө учуруган мезгилде өкмөт ыкчам жана чечкиндүү чараларды көрүшү керектигин билдирген.

«Учурда жарандардын арасында дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын баасын жөнгө салуу жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугу боюнча кооптонуулар бар. Фармацевтикалык компаниялар өз кезегинде аймактагы акыркы окуяларды жана валюта курсунун кескин өзгөрүшүн эске алуу менен товарларды үзгүлтүксүз жеткирүү маселесин көтөрүүдө», — деди Эдил Байсалов. 

Кеңешменин жыйынтыгында Эдил Байсалов так жана туруктуу жеткирүү логистикасын жөнгө салуу үчүн жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин толук тизмесин түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары ал орун басары өндүрүштүк линияларды ишке киргизүү жана фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга дары-дармек жана медицина багытындагы жабдуулар дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн алып келинет, алардын 60% жакыны Орусия менен Украинага туура келет.

Кыргызстандагы фармацевтикалык фирмалардын өкүлдөрү Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам жаралган кризистик абалга тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты