Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинети Бишкектеги жатаканадагы окуяда жабыркаган чет элдик стурденттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билим берүү жана илим министрлигинде 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен жыйында, бүгүн, 20-майда билдирди.

“Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен Министрлер Кабинети учурда жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөөрү кошумча жарыяланат” деди Байсалов.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды.

Жатаканада каракчылык шектүүлөр — 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги такталган.

Тергөө иштери жүргүзүлүп, жарандык-процесстик кодекстин  96-беренесинин тартибинде 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн, 20-майда, кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты