Министрлер кабинети травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобону бекитти
- 2 недели мурун
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун МинКаб басма сөз кызматы билдирди.
Бул жобо борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктары айтылат.
Травматология жана ортопедия улуттук борбору жогорку технологиялык жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди колдонуу жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен чоңдор жана балдар травматологиясы, ортопедия, вертебрология, сөөк-ириңдүү, артроскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик илимий-изилдөө уюму болуп саналат.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, белгилегендей, жаңы борбор жаракат алган жана таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам өлүмүнүн себептеринин арасында жаракат үчүнчү орунда турат жана иштеп жаткан медициналык мекемелер жарандардын муктаждыктарын толук канааттандыра албайт.
Буга чейин Кырызстанда травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөрү тууралуу жарлык чыккан.
31-мартта борбор шаардагы травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушуна капсула салуу аземи өттү.
Сүрөт: Интернет булактарынан