Министрлер кабинети тажикстандык студенттерге берилген уруксат боюнча түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн, же окутуучу, мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандарын Кыргызстандын аймагына киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында айтылат.

Кыргызстандын өкмөтү быйыл 21-майда тилкелерди тактоодо олуттуу маселелер чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасындагы кыймылды толук токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Натыйжада жарандарды ары-бери өткөрүүгө, автоунаалардын кирип чыгышына чектөө коюлган.

Министрлер кабинети кабарлагандай, ошол эле документте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына Билим берүү жана илим министрлигинен Кыргызстанда билим алган тажикстандыктар боюнча суроо-талап келсе, ага уруксат берилери көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын аймагында иштеген окутуучулардын, билим алган студенттердин жана окуучулардын, алардын ичинде этникалык кыргыздардын атынан Билим берүү жана илим министрлигине өтүнүч келип түшкөн. Анын натыйжасында министрлик алардын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүшү үчүн шарт түзүүгө багытталган буйрук долбоорун киргизген.

Мунун алдында Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилгенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттердеги» баракчасына жазган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 2 миңдей жараны билим алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты