Министрдин орун басары Алмаз Имангазиев АКШ элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

  • 1 год мурун

11-июлда тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу болуп өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.   

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын консулдук тармагындагы актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча, АКШ тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык саясатына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрдин орун басары Имангазиев аталган өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселени талкуулоодо конструктивдүү жана предметтүү мамиле кылууну, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты сактоо маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде элчи Вигери Кыргыз Республикасынын жарандарынын Америка Кошмо Штаттарындагы жүрүүсү боюнча статистикалык маалыматтарды берип, АКШнын визалык саясатына киргизилген миграциялык өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында консультацияларды улантуу жөнүндө макулдашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти тарабынан жарыяланган маалыматка ылайык, ушул жумадан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөр киргизилгенин билдирди.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты