Министрдин орун басары Абакиров АКШ элчиси Лесли Вигери менен виза саясатындагы өзгөрүүлөрдү талкуулады
- 11 месяцев мурун
6-августта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу болуп өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана консулдук чөйрөлөрдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.
АКШнын виза саясатында миграциялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн эки тараптуу сапарларды уюштуруу демилгелери козголду.

Сүрөт: ТИМ
Иллюстрацияык башкы сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




