Министр Жээнбек Кулубаев БУУнун 80-сессиясынын төрайымы менен жолукту
- 8 месяцев мурун
Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын төрайымы Анналена Бербок менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев А. Бербокту жаңы кызматы менен куттуктап, анын “Жакшыраак жыйынтык үчүн бирге аракеттенели” ураанын колдой турганын билдирди. Кулубаев Кыргызстан көтөргөн негизги демилгелер тууралуу айтып, айрыкча климат жана тоо маселелерине көңүл бурду. Ошондой эле 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” саммитине төрайымды чакырды.
Министр Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдүн мамлекеттик чек ара маселелеринин ийгиликтүү чечилгенин белгилеп, бул регионалдык стабилдүүлүккө салым кошорун айтты. Ошондой эле БУУнун тутумун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоо зарылдыгына токтолуп, “БУУ-80” демилгесин колдоого алганын билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү жаатында мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдиришти.




