Министр Кулубаев АКШнын элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

  • 8 месяцев мурун

11-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Бл тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле, Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусун даярдоого жана анын алкагында «С5+1» форматында пландаштырылган жогорку деңгээлдеги жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экенин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты