Министр электр энергияга чектөө киргизилгенин билдирди  

  • 2 месяца мурун

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 5-марттан баштап, электр энергияга эртең менен жана кечкисин чектөө киргизилгенин билдирди.
«Биздин колубузда Нарын менен Ош облусунун графиги турат. Чектөөлөр болору тууралуу 1-марттан тартып эле медиа каражаттарынан айтып келебиз. «Мой свет» деген мобилдик тиркеме аркылуу да кабарлап жатабыз. 300 мегаваттык чектөө электр энергиясын колдонуу күч алган сааттарда киргизилет. Муну азыр жасабасак, жетишпей калабыз» деди министр Ибраев.

Бул Токтогул ГЭСи менен Үч-Коргон ГЭСинин 4-агрегатынын реконструкциясы башталганына байланыштуу экенин айтты.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты