Министр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 7-февралда, Биринчи радио эфиринен таластыктардан кечирим сурады.

-Жумабековду курчап турган 5-6 баласы бар экен, бүт бардыгы таластыктар. Мен айтып алгам, себеби «ушу жерде таластыктар турасыңар, мен силерди эч качан колдобойм деп». Бирок менин айтканымды башкача кылып, жанымда профессор эле тартып жаткан, ошол жарыялап жибериптир. Бир жагын чыгарып, экинчи жагын калтырып. Азыр мени таластыктарга каршы келтирип жатат. Бирок мен радиодон айтып коет элем таластыктарга, эгер менден ката кетип калса, кечирип коюңуздар. Мен башка жактан адистерди албай, таластыктардан орун басар кылып алгам,- деди Бейшеналиев.  

4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун клиникалык тез жардам ооруканасы кылып өзгөрткөн чечимге кол койгонун, мунун негизинде борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду кызматтан алганын маалымдаган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековдун ордуна кимди болсо да кызматка алам, бирок таластыктарды жумушка албайм деп айткан.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору тез жардам клиникалык  ооруканасы болуп түзүлгөнү, директор болуп иштеген профессор Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулуп, анын ордуна профессор Гулия Кожакматова директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы маалым болгон.

Бүгүн, 7-февралда. таластыктар пресс-конференция өткөрүп, министр Алымкадыр Бейшеналиевди трайбализмге айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Буга чейин, 5-февралда, Бишкек шаарында саламаттык сактоо министри Бейшеналиевдин отставкасын талап кылган митинг өткөн.

Сүрөттө: министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Сабырбек Жумабеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты