Бишкекте министр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылган митинг өттү

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылган митинг болуп өттү.

Нааразычылык акциясына чогулгандар мындан тышкары Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун өзгөртүүгө каршылыгын билдирип, башкы дарыгер Сабырбек Жумабековдун ордунда калуусун талап кылышты.

Митингдин соңунда катышуучулар президент Садыр Жапаровго төрт пункттан турган кайрылуу жолдошту.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун клиникалык тез жардам ооруканасы кылып өзгөрткөн чечимге кол койгонун, мунун негизинде борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду кызматтан алганын маалымдаган.

Андан тышкары кайра түзүлгөн оорукананын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты