Минералдык жана газдалган сууларды маркалоо мөөнөтү жылдырылды
- 8 месяцев мурун
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө идишке куюлган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-январына жылдырылгандыгын маалымдады.
“Мөөнөттү жылдыруу тууралуу чечим эң көп керектелүүчү мезгилде сууну өндүрүүнү жана импорттоону үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө, ошондой эле бизнестин эсепке алуу-контролдоо маркасын киргизүүнүн мөөнөтүн кийинки мезгилге жылдырууга багытталган көп сандаган кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды” деп айтылат билдирүүдө.
Ишкерлер, импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр бул продукцияны эсепке алуу-контролдоо маркалары жок саткандыгы жана жүгүрткөндугү үчүн айып санкциялары колдонулбайт.
Буга чейин Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы токтомуна ылайык, быйылкы жылдын 15-июлунан тарта идишке куюлган сууну эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо каралган.




